Баткенде асфальт чыгаруучу заводдон өрт чыкты

09:13, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участкасында жайгашкан асфальт чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен 4 тонна битум өрттөнүп кеткен.

Учурда өрттүн себептери такталууда.