Бишкек-Ош жолунда 6 жашар баланы унаа сүзүп кетти. Айдоочу изделүүдө

08:50, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош жолунда 6 жашар баланы жол тандабас унаасы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургунун белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен. Кесепетинен бала ошол жерден жан берген.

Учурда унаанын айдоочусу изделүүдө.