Чарчашты. Пленардык отурумда болгону 16 депутат калды

17:00, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Саат 16:00дөн кийин пленардык отурумда төрага Дастанбек Жумабеков жана вице-спикер Мирлан Бакировду кошкондо 16 депутат калды.

Фото

Күн тартибинде дагы 3 маселе турат, бирок эл өкүлдөрү башкы прокурордун Бакиевдердин активдери тууралуу маалыматынан кийин эс алууну чечишти. Кворумдун жоктугуна карабай, отурум уланууда. 

«Бир Бол», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын депутаттары толугу менен чыгып кетишти. КСДП, «Ата Мекен» жана «Республика-Ата-Журт» фракцияларынан бир-экиден депутат катышууда.