16:36, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунда ири көлөмдөгү баңгизатын алып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районундагы базарлардын биринен Ысык-Көлдүк 55 жаштагы аялды кармашкан. Текшерүү маалында анын жанынан 400 грамм салмактагы гашиш табылган.
Аталган факты боюнча Биринчи май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголду.