Кыргызстанда акыркы жума аралыгында доллардын наркы 35 тыйынга кымбаттады

14:32, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы жума аралыгында доллардын наркы 35 тыйынга кымбаттады. Америкалык валюта августтун ортосунан бери көтөрүлүүдө.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,1-69,2 сомдон сатып алып, 69,4-69,5 сомдон сатышууда. Улуттук банк тарабынан номиналдык курс 69,05 тыйын деп коюлган.

Доллар өлкөдө августтан бери көтөрүлүүдө. Рубль менен тенгенин девальвациялангандыгы тууралуу билдирүүдөн кийин дароо кымбаттай баштаган.