09:44, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүлөрүнө Тышкы иштер министри реакция жасашы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Өкмөт башчысы элчи бир нече жолу ар кандай билдирүүлөрдү жасагандыгына карабай, ТИМ жоопсуз калып жатканын белгиледи.
Эске салсак, Кылычбек Султан маалымат жыйында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыккан. ТИМ ага жооп иретинде, элчинин өзү туура эмес кадамдары боюнча маалымат бар экенин билдирди.