09:20, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Каракол шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгү 12-октябрда өтөт. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өтөт.
«Биз 4-октябрда саат 17:00гө чейин Каракол шаарынын мэри кызматына талапкерлердин тизмесин беришибиз керек. Учурда тизме жок, ал жакында белгилүү болот», — деп айтылат шаардык кеңештин билдирүүсүндө.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев ээлеген кызматынан бошотулган болчу.