Президент Нью-Йорк шаарынан катардагы авиакаттам менен кайтты

09:21, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарына катардагы каттам менен учуп барып келди. Өлкө башчысы АКШдан кайтып келе жатып, учакта чогуу учкан жарандар менен сүрөткө түшкөн.

Белгилей кетсек, президенттин учагы ТУ-154 алыскы сапарларга уча албайт. Анүстүнө учактын эскилиги жеткендиги айтылып, жаңы сатып алуу сунушталууда.

Сооронбай Жээнбеков АКШда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышып келди.