Ак-Өргө жаңы конушунда жаратылыш газы бериле баштады

08:59, 27 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ак-Өргө жаңы конушунда жаратылыш газы бериле баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдиргендей, газ менен камсыз кылуу иштери дагы Ала-Тоо, Ак-Ордо жана Арча-Бешик жаңы кошунтардында жүрүп жатат. План боюнча 18 миң турак үй газга кошулат. 

Маалым болгондой, жалпысынан 3 миң 327 үй жаратылыш газы менен камсыз болот.