Нарын облусунда ушул жылдын 8 айында 78 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынан 21 миллион 532миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсыктан 3 даана автоунаа сакталып калган. Ал эми 153,5 тонна тоют өрттөнүп кеткен.
Катталган кырсыктардын ичинен 7 өрт кырсыгы балдардын от менен ойноосунан улам келип чыккан.