14:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

№ 2-аялдар абагында «таза аймак» борбору ачылды

Чүй облусуна караштуу Степное айылындагы № 2-аялдар абагында «таза аймак» борбору ачылды. Анда өз эрки менен ичимдик жана баңгизаттарды колдонуудан баш тарткан аялдар кармалат.

Аталган борбор 30 кишиге ылайыкташтырылган. Ал жакта атайын даярдалган социалдык кызматкерлер жана психологдор иштейт. Имаратта уктоочу бөлмөлөр, машыгуу залы, ашкана, чакан кийим тигүүчү цех бар.

Объекттин курулуш иштери 2016-жылы башталып, жалпысынан 150 миң еврого жакын каражат сарпталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума