Акыйкатчы кызматына талапкер Маматурайим Момунов өз талапкерлигин алып салды

14:29, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы кызматына талапкер Маматурайим Момунов өз талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал пленардык отурумда билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүн акыйкатчы шайланат. Бул кызматка 4 талапкер Токон Мамытов, Канатбек Азиз, Рита Карасартова жана Рыскул Бактабаев көрсөтүлүүдө.

Акыйкатчы жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. 

Эске салсак, мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.