Акыйкатчы кызматына талапкер Маматурайим Момунов өз талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал пленардык отурумда билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн акыйкатчы шайланат. Бул кызматка 4 талапкер Токон Мамытов, Канатбек Азиз, Рита Карасартова жана Рыскул Бактабаев көрсөтүлүүдө.
Акыйкатчы жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
Эске салсак, мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.