21:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Билим берүү министрлиги Ноокаттагы «Агарт» мектеби былтыры жабылган дейт

Ош облусунун Ноокат районундагы «Агарт» башталгыч мектеби былтыркы окуу жылында жабылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, мектепте балдардын саны аз болгондуктан жабылып, айылдагы 1-класска бара турган жалгыз бала, жакын жайгашкан билим берүү мекемесине окууга киргизилген. Мектептин жалгыз мугалимин иш менен камсыз кылуу боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат.

«Бул аз комплектелген мектеп болгон. Өткөн жылдары мектепте 1-4 класстарда жалпысынан 12ден ашпаган бала окуган», — дейт министрлик.

Эскерте кетсек, «Агарт» башталгыч мектебин видеого үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында тартылган. Анда мектеп мугалими 14 бала билим аларын айтат. Үйдүн кире беришинде мектептин аты жазылган тактайча дагы турат. 

Эң көп окулган жаңылыктар