Дастан Бекешев Кыргызстанга эски унааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады

10:58, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга эски унааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Ошондой эле, аба тазалоочу керектүү жабдыктарды сатып алууну парламенттин отурумунда айтып чыкты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, элдин экологияга болгон кайдыгерлигинен улам булгануунун деңгээли өсүүдө.

«Жакында кыш, Бишкектин үстүн кайра кара түтүн каптайт. Кара-Балтанын тургундары дайыма нааразычылыгын билдирип келишет», — деп нааразы болду Дастан Бекешев.

Аны кесиптеши Бакыт Төрөбаев колдоп чыкты. Ал билдиргендей, эски унааларды өлкөгө алып кирүү күн сайын көбөйүүдө. Мамлекет тазаланбаган күйүүчү-майлоочу майды сатып алып жатат. Аалы Карашев болсо өпкө оорулары менен жабыркагандардын саны өсуп жатканын кошумчалады.