Аскер институтунда каза болгон курсанттын өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

10:35, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Аскер прокуратурасы Аскер институтунда каза болгон курсанттын өлүмү боюнча экспертиза дайындады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине көзөмөлдөө органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда текшерүү жүрүп жатат. Курсанттын өлүмүнүн так себеби белгилүү эмес.

Эске салсак, курсант кечээ эртең менен каза тапкан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, курсант өз өмүрүнө кол салып өрт өчүрүүгө колдонулуучу тепкичтен кулап кеткен.