«Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнүн бети ачылды

10:22, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнүн бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү иш-чарасынын алкагында, УКМК жана ИИМ кызматкерлери Ысык-Көлдө «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 29 жаштагы лидеринин үйүн тинтишкен. 
 
Натыйжада, тыюу салынган адабияттар жана электрондук жабдыктар табылган.