Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:26, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн болжол менен түнкү саат 02:34төр чамасында катталган.

Жердин силкинүүсү Ат-Башы районунун Өзгөрүш, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Ак-Моюн айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.