17:30, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Айтымында, Талдыкорганда кыргыз жана казак спортчулары катышкан ачык биринчилик болуп өттү. Ага 200дөй жаштар катышты.
Данил Бородулин өз категориясында биринчиликти алып, мыкты техникасы үчүн байгеге ээ болду. Орозбек уулу Шамил дагы чемпиондук титулду жеңип алды. Нурмахамад Каниметов менен Диана Алисултанова 2-орунду багындырышты.