18:00, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Алай районунда бийиктиктеги жардан унаа кулап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилди.
Гүлчө айылынын 1981-жылы туулган тургуну «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, унаасын башкара албай калган. Натыйжада жолдун түштүк тарабындагы болжол менен 50- бийиктиктеги жардан кулаган.