Казакстанда уурдалган телефондор Кыргызстанда сатылат

12:13, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстанда уурдалган телефондор Кыргызстан менен Тажикстанга ташылат. Бул тууралуу Алма-Ата шаарынын акими Бауыржан Байбек билдирди.

Анын айтымында, Алма-Атада телефон ууруларына каршы күрөш жүрүүдө.

«Уурдалган телефондор Казакстанда калбайт. Аны Кыргызстан менен Казакстанга алып чыгып кетишет. Андыктан кылмыштын бетин ачуу кыйын», — дейт шаар башчысы.