10:38, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын туура эмес иштери тууралуу маалыматтар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги элчинин кечээги маалымат жыйыны боюнча комментарийинде билдирди.
«Элчинин өзүнүн туура эмес иштери боюнча маалыматтар тастыкталса тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Кылычбек Султандын мындай жүрүм-турумуна дал ошол тартип бузуулары түрткү болушу ыктымал», — дейт ТИМ.
Ошону менен катар министрлик элчинин азыркы ээлеп турган кызматы боюнча маселени да карап чыгарын, ал тараткан сөздөрдүн чын-төгүнүн териштирүүнү каалагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.