Улуу Британиянын парламентик отуруму улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналат

09:40, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Улуу Британиянын парламенти отурумду улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арнайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ТИМден жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, парламенттин 2 палатасынын өкүлдөрү, Лондондун мэри Садик Хандын катышуусундагы салтанаттуу отурум 11-октябрда болот.

Белгилей кетсек, мэр Садик Хан өзү белгилүү британдык саясатчылар менен бирге «Айтматовду окуу» иш-чарасына катышкан. Ал «Жамиля» повестинен үзүндү окуган болчу.