Жоокердин сабалашы тууралуу факт боюнча кылмыш иши козголду

09:13, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө жоокердин сабалашы тууралуу факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
 
Эске салсак, 22-сентябрда контракттык негизде иштеп жаткан сержант менен катардагы жоокер экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. Жыйынтыгында катардагы жоокер бетине муштум жеп, астыңкы жаагы сынып кеткен.