09:07, 25 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, № 2030 аскер бөлүгүнүн аймагында 3 кабаттуу 24 батирлүү үй салынды. Турак жайдын сметалык баасы 53 миллион 652 миң сомду түздү. Курулуш иштери былтыр апрелде башталган.
Чек арачыларга бериле турган үйдүн баардык шарттары каралган.