Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны Элдик Кеңештин биринчи отуруму ачылган күнү болду.
Анда 1722 кишиге мунапыс жарыяланганы айтылды. Мындан тышкары Бердымухамедов 740тан ашуун кишиге Түркмөнстан жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.
24-сентябрда Элдик Кеңештин иши башталбаганы менен Ашхабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Борбордук көчөлөр жабылды.
Ашхабаддын олимпиадалык стадионунда Түркмөнстандын Эгемендик майрамына карата салтанаттуу даярдыктар өттү. Быйыл майрам жылдагыдай 27-октябрда эмес, 27-сентябрда болот.