17:36, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.