00:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

4000 миң сом айлык. 1 метр кездеме үчүн тендер. Балдарды күткөн Куурчак театры

Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын эмгек жамаатында жалпы 70ке жакын кызматкер иштейт. Алар орус жана кыргыз тилиндеги спектаклдерди жаш балдарга тартуулап келишет. Учурда театрдын репертуарында 41 спектакль бар. Аталган куурчак театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Раиса Райымкулованын 24.kg агенттигине берген маалыматына караганда, жакында жаңы спектаклдер тизмеге кошулат.

«Балдарга жагып, көрүүчүлөр көбөйсө мурунку спектаклдерди коё беребиз. Ал эми күйөрмандарын жоготсо, тизмеден чыгарууга туура келет. Рейтингди көрүүчүлөрдүн санына жараша аныктайбыз», -дейт Раиса Райымкулова.

Куурчак театры мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Театрдын жамааты буга чейин керектүү нерселерин смета түзүп, анын негизинде өздөрү сатып алып келип ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. «Жыл башынан бери тендер аркылуу гана ишмердүүлүк жүргүзүү- ашыкча мүшкүл жаратууда», — дейт кызматкер.

«Азыр 1 метр кездеме керек болсо дагы, тендер аркылуу алабыз. Кадимки эле үйлөмө шарик алганга, балдар үчүн таттууларга тендер жарыяланат. Биз тендерсиз эч нерсе ала албайбыз. Бул театр үчүн ашыкча мүшкүл жаратат экен. 1 күндүк майрам үчүн бир ай мурун тендер жарыялап, анан жеңүүчүнү аныктап... Мисалы, жарым метр жалтырак кездеме керек болуп калды дейлик. Ал үчүн тендер жарыялайбыз, бул ишти кыйла татаалдаштырат. Кээде спектаклдын өз убагында чыкпай калышы тендерге байланыштуу», -дейт ал.

Айтымында, жыл сайын куурчак театрынын күзгү сезону сентябрдын 23дө ачылат. Эске салсак, 1939-жылдын 23-сентябрда дал ушул куурчак театры негизделген.

«Бул жакта иштегендердин айлыктары өтө аз. Ошого карабай чыныгы фанаттар гана эмгектенет. Маяналары 4-5 миң сомдун тегереги. Окуусун жаңы бүтүрүп келип кайра кетип калгандар бар. Кыргызстанда атайын куурчак искусствосуна даярдоо деген атайын окуу жай жок. Кадимки эле театр жана актёрдук кесипти окуп келип иштешет», -деп кошумчалады Раиса Райымкулова.

Мында эмгектенгендердин эң улуусу пенсия курагында, 75те. Эң жаш актёрлор 20да.

Грим жасаган бөлмөдө жашагандар да болот

Актёр Бекмамат Абделов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 2 —курса окуп жатканда эле келген. 4 жылдан бери мында күчүктү, эшекти, жаш баланын ролун ойноду.

«Жакында эле университетти аяктап, колго диплом алдым. Кесибим өзүмө жагат, чоң театрдын багыты куурчак театрында башталат. Себеби, балдарды биз тарбиялай албасак, алар эч качан чоң театрларга барбайт. Тилекке каршы, айлык акысы аз, 4 миң сом. Каражаттын жетишсиздигинен бул жактын грим жасаган бөлмөсүндө жашагандар да болуп калат», -дейт ал.

Мында келген жаштарга боорбуз ооруйт... 4 миң сом эмнеге жетет?!

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Эркин Шыкматованын мында келгенине 40 жыл болду.

-Куурчак театрынын ачылганына эле 80 жыл толуптур. 40 жылдык өмүрүм командировка менен өттү. Ал кезде Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырчубуз. Спектакль коюп, аягында концерт берчүбүз. Эл ошого көнгөн. Мен ар кандай ролдорду ойнодум. Көбүнчө эркек баланын ролун беришчү. Союз тарагандан кийин кыйын учур болду. Каражат жагынан кыйналгандардын көбү кетип калды. Мындан 10 жыл мурунку кезге салыштырмалуу азыр деле кыйын... Мында келген жаштарга боорбуз ооруйт. 4000 сом эмнеге жетет?! Керек болсо ичкен тамагыңа да жетпейт. Биз, улуу муундагылардын бала-бакырасы чоңойду, бутка турушту, пенсиябыз бар дегендей. Бирок, кийин келгендерге кыйын эле болду.

Мурунку бийликтин тушунда маданият өкүлдөрүнүн айлыгы көтөрүлгөн жок. Дарыгер, мугалимдердикин көтөрүштү, биздики ошол бойдон. Мен наамды театрдын 70 жылдык юбилейинде алгам. Андан бери бизде эмгектенген кызматкерлерге наам бериле элек.

Театрдын имараты Союз кулаган жылдары салынып, 1991-жылы киргенбиз. Азыр тегерек чети оңдоого муктаж, үстүнөн суу тамат. Директор Болотбек Куланбаев жардам бергиле деп тийиштүү жерлерге кайрылып атат. Жарыктандыруу жагы дагы начар. Негизи театрда балдарга жомок сыяктуу сезим калтыруу үчүн жарыкты туура бериш керек, бирок бизде бул жагы аябай начар. Анан эле калемсап же кагаз алсаң да тендер деп турушат. Чоң нерсе алсаң тендер кылса болот, бирок, күнүмдүк жашоого керек нерселер тендер келбей жатат деп кечигет.

Жакында аталган куурчак театрдын жамааты Москвада өтө турган Бүткүл Союздук куурчак театрлардын фестивалына жөнөп кетет. Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Найман эне» чыгармасынан үзүндү аткарышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума