USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыкта 1 киши мерт кетти

13:45, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусунда «Пикап» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын районуна караштуу Кызыл-Бел участкасында 1969-жылы туулган киши «Пикап» үлгүсүндөгү автоунааны айдап бара жатып жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу катуу жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Жабырлануучу ооруканада эсине келбей каза болду.



Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика