Чычкан капчыгайында унаа оодарылып кетип, кырсыктан 1 киши каза тапты

12:19, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Чычкан капчыгайында Volkswagen Passat-B3 үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, кырсыктан 1 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектен Ош тарапка бара жаткан унаа Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинин 1 киши каза таап, 5 киши жаракат алды.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.