Өзгөндө үй-тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү

12:06, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Үй-тиричилик техникалары» дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылды.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.