Куурчак театры балдарды күтөт

10:33, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg , Элеонора Кыдырова

23-сентябрда Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын 80-мааракелик сезонунун ачылышы болду. Ага шаардын кичинекей тургундары ата-энелеринин коштоосунда келишти.

Фото

Мамлекеттик тил майрамы менен бирге театрдын 80-сезонунун ачылыш аземинде балдар үчүн оюн-зоок тартууланды. Андан соң бөбөктөргө арналган «Саламатсызбы!» аттуу жомок тартууланды.

Мындан ары ар бир дем алыш сайын саат 11де орус тилинде, 12де кыргыз тилинде жомоктор көрсөтүлүп турмакчы.