Ошто 2 унаа кагышып, кесепетинен «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти

09:09, 24 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаа кагышып, кесепетинен «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, күйүп кеткен унаанын айдоочу каза болду.

Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 1987-жылы туулган тургуну чоң жүк ташуучу унаасы менен бара жатып, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааны арт жагынан уруп алган. Натыйжада өрт чыгып, күйүп кеткен.

Учурда айдоочунун ысымы тактала элек.