Өрнөк айылындагы мектепте 80 тонна көмүр өрттөнүп кетти

11:22, 22 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Өрнөк айылындагы мектепте 80 тонна көмүр өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы № 17 Өрнөк орто мектебинин кампасынан чыккан.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.