Бишкекте «Кан тапшыр -жашоо белек кыл» аттуу акция өтөт

16:37, 21 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бишкекте «Кан тапшыр — жашоо белек кыл» аттуу акция өтөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Улуттук кан донорлорунун күнүнө арналат.

Акция Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) өтөт, майрамдын салтанаттуу бөлүгү 28-сентябрда саат 13:00дө болот.