Суроо-жооп. Чийки эт жегенге болобу?

15:40, 21 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Чийки эт жесе болобу? Мисалы, сушиге лосостун чийки эти кошулат.

Жооп: Эгер мал ислам эрежелери менен союлган болсо, чийки эт жесе болот. Куранда «Сою учурунда Аллахтын аты аталган малдын этин жегиле» (Куран, 6:118) — деп айтылат.