14:37
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Тажикстанда чоң апа небересин тирүүлөй көмүп таштаган

Тажикстандын Жоми районунда тергөөчүлөр үч жашар баланын өлүмүн иликтөөдө. Шектүү катары наристенин 58 жаштагы чоң апасы Ходжарой Ашурова кармалды. Сурак учурунда Бохтар шаарындагы тергөө абагында отурган аял кылмыш жасаганын монуна алган. Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголду.

Үч жашар Бехрузжондун атасы Гүлмурод Ашуровдун айтымында, трагедия 12-сентябрда болгон.

Ал учурда мен Орусияда иштеп жүргөм. Апам чалып, үч жашар уулум Бехрузжон Яван районунда сууга чөгүп кеткенин айтты. Анда ал мени алдап жатканын билген эмесмин. Мекениме келип, бир нече күн баламдын сөөгүн издедик. Анын денесин 18-сентябрда гана биздин үйдөн алыс эмес жерден таптык... Мен СИЗОго бардым, ошол бойдон апам менен сүйлөшкөн жокмун. Баламды жоготуу кандай оор экенин түшүнүп жатасынарбы?

Гүлмурод Ашуров

Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча тергөө тобу чоң апа небересин тирүүлөй көмүп таштаганын аныктаган. Навобод айлынын башчысы Мусо Зохиров кылмыш болгон жердеги тергөө экспериментине катышкан. «Ходжарой Ашурова небересин кантип тирүүлөй көмүп таштаганын көрсөттү. Бала кыймылдап жатканын көрүп, өлтүргөнүн мойнуна алды. Биз шумдукту нерсени көрдүк — баланын денеси тытылып, бир колу жок экен, буттары өз-өзүнчө жатыптыр, ичи жарылып кетиптир», — деди айыл башчысы.

Үч жашар баланы мыкаачылык менен өлтүрүүгө эмне себеп болгону аныктала элек. Ходжарой Ашурованын туугандарынын айтымында, ал келини менен өтө начар мамиледе болгон.

Киши өлтүрүү учурунда Ходжарой Ашурованын акыл-эси ордунда болгон-болбогону да белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар