Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда 25 адам саясый куугунтукка алынып, жалпысынан 155 жылга соттолду. Бул тууралуу маалымат жыйынта саясый куугунтукка алынгандардын комитетинин мүчөсү Зулфия Марат билдирди.
Саясый куугунтукка алынгандардын иши жабык каралып, тергөө материалдары купуя сыр катары белгиленген.
«2016-жылдын мартынан тарта куугуктукталып баштагандардын саны эле 25ке жетет. Мисалы, Дастан Сарыгуловдун иши боюнча элге угузулган аудиозапись кийин жоголуп кетти. Ал эми Эрнист Карыбековдун айыптоо ишине анын бир канча жылдан бери ЖМК жарыялаган материал айыптоонун негизин түзгөн», — дейт ал.