17:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кара-Суудагы атайын операция. Милиция блокпостторду орнотту

Ош облусуна караштуу Кара-Суу айылында качып кеткен кылмышкер Жылдызбек Бекмурзаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүүдө. Тартип сакчылары Оштун кире беришине жана чыгыш жагына блокпостторду орнотту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ОИИБдан билдиришти.
 

«Тартип сакчылары аймактарды текшерип, Ошко кирген, чыккан унааларды көзөмөлгө алууда», — деп билдиришти ОИИБдан.

Буга чейин Жылдызбек Бекмурзаевди Бишкек ШИИБ издеп жаткан. Ал бир катар кылмыш иштерине катыштыгы бар деп изделүүдө.

«Кечээ тартип сакчыларына издөөдө жүргөн жаран Кара-Суудагы кафелердин жанында турат деген билдирүү келген. Ал жакка барган милицияга кылмышкер каршылык көрсөтүп, тапанча менен атам деп коркутуп жүгөрү талаасына качып кеткен», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума