22:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган факт боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБнын тергөөчүлөрү 6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган факт боюнча текшерүү жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон Дмитрий Но билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 13 жаштагы өспүрүм кармалган. Бирок, ал жашы жете элек болгондуктан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок.

Жактоочунун айтымында, жабырлануучунун ата-энеси кылмыш иши козголсун деп сотко кайрылышты. Сот буга чейин тергөөчүлөр карабай койгон ишти мыйзамсыз деп таап, жабырлануучулардын арызы боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлө турган болду.

Эгерде кылмыш иши козголсо, жабырлануучу тарап сотко кайрылып, өспүрүмдүн үй-бүлөсүнөн материалдык компенсация өндүруп алса болот. Эске салсак, аталган окуя 20-июнда болгон. Анда 13 жашар бала 6 жаштагы кызды сабап, зордуктоого аракет кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар