13:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Якутияда кыргыз кинолорунун фестивалы өтөт

Якутияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз кинолорунун эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, «Биринчи мугалим», «Жамиля», «Кызыл алма», «Саманчынын жолу», «Ак кеме» жана башка тасмалар тартууланат. Иш-чара 8-октябрдан 12-октябрга чейин болот. 

Эскерте кетсек, бул жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар