«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Данияр Төлөновго эч ким кол салган жок

16:28, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

«Мага журналисттер чалып шаардык кеңештеги биздин партиянын позициясы тууралуу сурашты. Мен аларга кайра чалгыла дегем. ЖМКнын өкүлдөрү мага 2 сааттан кийин чалдык деп айтып жатышат, бирок менин телефонума чалуулар келген жок. Балким, алар башка Даниярга чалышкандыр, ал дагы тамашалап жооп берип койгондур? Мен өзүм шок абалындамын», — деди Данияр Төлөнов.

Эске салсак, ЖМКда депутатка кол салуу болуп ооруканада жатат деген маалымат тараган.