23:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош шаарында 26 миңден ашуун чарбалык субъекттер бар

Ош шаарында 26 миңден ашуун чарбалык субъекттер бар. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Алардын ичинен жүздөгөн өндүрүштүк ишканалар жана жеке ишкерлер товардык продукцияларды чыгарышат.

Бүгүн шаардык ишкерлерди мэр Таалайбек Сарыбашов майрамы менен куттуктады.

«Биздин милдет экономикалык жигерди өрчүтүү, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана экономиканын структурасын өркүндөтүү болуп эсептелет. Ош шаарынын мэриясы инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында такай иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик ар дайым ишкерлерди ар тараптан колдоого даяр. Шаарыбыздын, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биргеликте салым кошолу», — деди шаар башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума