USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Жыл сайын 6 миңге жакын кургак учук менен жаңыдан ооруган бейтаптар катталат

12:01, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын кургак учук менен жаңыдан ооруган бейтаптар катталат. Бул тууралуу маалымат жыйында ММКФнын өкүлдөрү Улуттук фтизиатрия борборуна шилтеме берип билдирди.

Былтыркы жылдан бери аталган фонд тарабынан бул ооруну ийгиликтүү дарылоо боюнча жаңы ыкма иштелип чыкты. Долбоор Чүй облусунда иштеп баштады.

«Жаңы ыкма боюнча, кургак учук менен жабыркаган оорулуу ийгиликтүү айыгып чыкса, медициналык адистердин айлык акысына кошумча акча кошулуп турмакчы. Төлөмдөрдүн көлөмү оорунун түрүнө байланыштуу болот. Кургак учуктун жеңил түрүн дарылагандарга 12 миң, оор түрүн ийгиликтүү дарылагандарга 24 миң сом кошулат», —деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика