22:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Чүй облусунун Кемин районуна барат

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Чүй облусунун Кемин районуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү «Астра Солар Технолоджис» ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума