Нарын шаарынын 150 жылдыгы. Унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

09:28, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин майрамдоого карата 21-сентябрда шаардын жолдорунда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 07:00дөн саат 15:00гө чейин Т.Усубалиев атындагы борбордук аянт жабык болот.

Мындан тышкары С..Орозбак, Ленин көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү убактылуу жабылып турат.