Челябинск облусунда издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

09:14, 20 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Челябинск облусунда Кыргызстанда баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИА REGNUM облустук прокуратурага шилтеме берип билдирди.

Маалым болгондой, кылмыш иши 2012-жылы Балыкчыда болгон. Кармалган жаран жапайы өскөн кара куурайды чогултуп, андан баңгизатын жасаган.

Алдыда кармалган жаранды экстрадициялоо иши күтүп турат. Ал эми өз мекенинде 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.