Ош шаарында 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан улам көз жумду

16:21, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан улам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон жигитти 5 ай мурун ит каап алган. Бирок, ал убагында дарыгерге кайрылган эмес.

«Баткен облусунан Ош шаарына келип окуп жаткан жигит 13-сентябрда катуу ооруп калган. Тез жардам аны ооруканага алып кеткен, кийин анын кутурма оорусуна кабылганы аныкталып, вирус мээге жетип кеткени үчүн 15-сентябрда каза болду», -деп жазылат маалыматта.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, аны менен чогуу жашаган балдар көзөмөлгө алынды.