13:44
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Эмил Балтагулов: Өкүл атамдын белгилүү бир деңгээлде жардамы тийип турат

Эмил Балтагуловдун жеке архивинен
Фото Эмил Балтагуловдун жеке архивинен

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Эмил Балтагулов жакында эле өмүрлүк жары Гүлгүнай экөө «Сен мен үчүн жаралып калгандайсың» аттуу чыгарманы элге тартуулашты. Алдыда мекенге арналган «Кыргыз элим» аттуу чыгарманын ремикс вариантын иштеп чыгып, клипти аз күн ичинде күйөрмандардын сынына коё турганын ырчы 24.kg агенттигине берген маегинде билдирди.

— Социалдык түйүндө ар кандай сүрөттөрдү байма-бай жүктөп, ой-пикир калтырып жүрөсүз, жашоодо дагы ошондой активдүүсүзбү?

— Чынын айтсам, социалдык түйүн аркылуу жаңылыктарымды бөлүшүп турам. Чыгармачыл адам болгондон кийин жумуш үстүндө, дөңгөлөк үстүндө жүрүп калабыз. Мындан улам, социалдык тармактарга жашоомдогу жаңылыктарды жарыялап турам. Ошол жактан кабардар болуп турган күйөрмандарым, туугандарым, жакындарым бар. Убакытка карап колум бош болсо коомдук иштерге катышканга аракет кылам. Айрыкча кыздарымдын мектебине көп чакырышат. Иш-чара уюштурганда колдоо көрсөтөм, филармониянын иштерине, кайрымдуулук акцияларга да активдүү катышам.

— Күчүк, попугай бактым, эми тоок багам деп жүргөн экенсиз, чарба иштерине кандайсыз?

— Попугай бактым, кыздарым экөөсүн, уулум бирөөнү учуруп жиберишти. Негизи кыздарым үй жаныбарларына аябай жакын, ал тургай бир туугандары сыяктуу карашат. Азыр тоок багып атабыз, ал үчүн өз колум менен тооккана жасап бердим. Чыгармачыл чөйрөнүн кишилеринин арасында балким ак колдор деле бардыр. Мен дагы илгери ак кол эле болчумун. Кийин кызыгуум артты, анан электр монтажды, сантехниканы үйдө отуруп эле үйрөнүп алдым. Мындан тышкары темир, жыгач устачылыкты өздөштүрдүм. Өз колум менен жасагандан ырахат алам.

— Сизди тааныткан чыгармаңыз кайсы?

— Мени элге тааныткан чыгармалар «Ичпечи апа», «Я Расул Аллах», «Балдарымдын апасы», «Махабат дастаны» аттуу ырлары болду. Негизи 2000-жылдары чыгармачылык менен алектене баштагам. 5-6 жылдан кийин сөзү Жеңишбек Жумакадыр агабызга таандык «Ичпечи апа» аттуу чыгарма мени таанытты. Анда төкмө акын агабыздын концертин көргөнү барган элем, автору менен ошол жактан таанышканбыз. Мен «обон жазам, ырларыңызга мүмкүн болсо обон жаратып көрөйүн» деп көп ырлардын ичинен тандап алдым. Ошко келерим менен бул ишти колго алдым. Негизи аталган чыгармага менден башка дагы ырчы Сыймык Бейшекеев обон жазган, Жеңишбек агабыз дагы өзү обон жараткан. Бирок, 3 обондун ичинен менин обонум насип болуп элге тез таанылды.

— Өкүл атаңыз Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен катташып турасыздарбы?

— Туура, Ибрагим Жунусов менин өкүл атам, жубайы Чынара өкүл энебиз. Албетте, биз Түркияга барып калсак жолугуп турабыз. Алар да бул жакка келгенде катташабыз. Былтыр эле өкүл атамдардын уулу Эламандын тоюн Жалал-Абадда өткөрдүк. Алыста болсок да вотсап аркылуу жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз.

Эмил Балтагуловдун жеке архивинен
Фото Эмил Балтагуловдун жеке архивинен

— Кыргыздарда тааныш-билиш аркылуу иш бүтөт деп коёт. Өкүл атаңыздын жардамы тийди беле?

— Жардамы такыр тийген жок деп айта албайм. Белгилүү бир деңгээлде жардамы тийип турат. Бирок кызматынан пайдаланам деп, өкмөттүк деңгээлдеги жумуштарына аралашпайм, жардам сурабайм. Жардам сурасам жеке үй-бүлөм үчүн сурайм. Алыш-бериш, тыйын маселеси боюнча балким жардамдашып турат. Ал эми мага кызмат таап бер, бул жакка отургуз деп кызмат абалынан пайдаланган жокмун.

Эң көп окулган жаңылыктар