14:35, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
21-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.
21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16...21°,
Талас өрөөнүндө 13...18°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20...25°;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында 11...16°.
Ал эми тоолуу райондордо +5...+10° болсо, бийик тоолуу райондордо 0...-5° суук түшүшү күтүлөт.